Жоокерлердин өлүмү: Акыйкатчы аппараты аскер бөлүктөрүн текшерет

Жоокерлердин өлүмү: Акыйкатчы аппараты аскер бөлүктөрүн текшерет

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен түзүлгөн аскер кызматын өтөөдө адам укуктарын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ 5-сентябрдан тарта республика боюнча аскер бөлүктөрүндө мониторинг жүргүзүүнү баштайт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга аскер бөлүктөгү аскерлердин өлүмү, алардын ур-токмокко алынышы жана белгисиз себептерден улам психо-неврологиялык борборлорго түшүп калышы себеп болгон.

Жумушчу топтун алдына:

  1. Акыркы 5 жылдын ичиндеги аскерлердин өлүмү, өзүн-өзү өлтүрүү, уруп-сабоо боюнча фактыларды топтоп, аскерлердин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүү;
  2. Аскер бөлүктөргө барып, жеринен мониторинг жүргүзүп, аскер кызматкерлери алардын ата-энелери менен сүйлөшүү жана сурамжылоолорду өткөрүү;
  3. Аскерлердин суицидге алып келген көйгөй/себептер жана аскердик бөлүктө “дедовщинаны” алдын алуу, кыйноолорду болтурбоо боюнча сунуштарды даярдоо;
  4. Улуттук жана эл аралык мыйзамдарды жана практиканы изилдеп, биздин укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана башка тапшырмалар жана максаттар коюлган.

Мониторингде алар тарабынан аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышын талдоо үчүн маалымат чогултулат жана жеринде аскер кызматкерлери, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөт. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча атайын баяндама даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Эске салсак, жумушчу топтун курамында Акыйкатчы институтунун, Башкы прокуратуранын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле, “Аскер кызматчыларынын энелери республикалык комитети”, “Жарандык союз” коомдук бирикмелеринин, “Кыйноолорго каршы коалиция” уюмунун, “Кылым шамы” коомдук фондунун кызматкерлери бар.

Буга чейин Кыргызстанда июль-август айларында төрт аскер кызматкеринин өлүмү катталганы маалымдалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>