Мадумаров: Коопсуздук кызматынын жетекчиси парламентке 2 ящик автомат менен келди

28.09.2022 | 10:58

Парламенттин өткөн аптадагы жыйынына коопсуздук кызматынын жетекчиси 2 ящик автомат көтөрүп келди. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Ал сөзүнүн башында кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу айтып, “Кемпир-Абад” суу сактагычы Өзбекстанга берилип кетиптир” деген сөз тарап, коомчулукта ызы-чуу болуп жатканын билдирди.

Андан кийин ал коопсуздук кызматынын жетекчиси парламентке курал көтөрүп келгенин айтты.

“Өткөндө коопсуздук кызматынын жетекчиси эки ящик автомат көтөрүп, парламенттин ичине кирип келгендиги – жапайычылык. Бул өтө чектен чыккан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катарында ар бир кыймыл-аракетке, мыйзамдуулугуна укуктук тарабынан сөзсүз баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак, Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин аткарбады деп билишибиз зарыл”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 22-сентябрдагы парламенттин жыйынына депутат Жусупбек Коргонбай уулу автоматка окшош буюм көтөрүп келген белгилүү. Бирок депутат ал чыныгы курал экенин мойнуна алган эмес.

Депутат жыйын залынан автоматка окшош буюм менен чыкты – видео

Scroll to Top