Мадумаров: Коопсуздук кызматынын жетекчиси парламентке 2 ящик автомат менен келди

Мадумаров: Коопсуздук кызматынын жетекчиси парламентке 2 ящик автомат менен келди

Парламенттин өткөн аптадагы жыйынына коопсуздук кызматынын жетекчиси 2 ящик автомат көтөрүп келди. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Ал сөзүнүн башында кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу айтып, «Кемпир-Абад» суу сактагычы Өзбекстанга берилип кетиптир» деген сөз тарап, коомчулукта ызы-чуу болуп жатканын билдирди.

Андан кийин ал коопсуздук кызматынын жетекчиси парламентке курал көтөрүп келгенин айтты.

«Өткөндө коопсуздук кызматынын жетекчиси эки ящик автомат көтөрүп, парламенттин ичине кирип келгендиги — жапайычылык. Бул өтө чектен чыккан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катарында ар бир кыймыл-аракетке, мыйзамдуулугуна укуктук тарабынан сөзсүз баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак, Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин аткарбады деп билишибиз зарыл», — деди ал.

Эскерте кетсек, 22-сентябрдагы парламенттин жыйынына депутат Жусупбек Коргонбай уулу автоматка окшош буюм көтөрүп келген белгилүү. Бирок депутат ал чыныгы курал экенин мойнуна алган эмес.

Депутат жыйын залынан автоматка окшош буюм менен чыкты — видео

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: парламент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>