Кыздарды сексуалдык кулчулукка сатууга шектелген аял кармалды

Кыздарды сексуалдык кулчулукка сатууга шектелген аял кармалды

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери адам сатууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери чет өлкөлөрдө сексуалдык эксплуатациялоо максатында адамдарды сатуу менен алектенген адамдардын тобунун ишине бөгөт коюшту.

ИИМге белгисиз жаран аял киши алдап, жогорку маяна алуучу жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды Түркияга жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кийин чет өлкөгө чыккан жаран адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси «Адамдарды соодалоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө, шектүү адам Чүй облусунун тургуну экендиги аныкталып, ал жогорку акы төлөнүүчү жумушка убада кылып, Кыргызстандын башка жаранын сексуалдык эксплуатациялоо максатында чет өлкөгө жиберүүгө ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ИИМдин КИББнын 2-бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Ж.К. аттуу аялды кармашкан. Анын чет өлкөгө адамдарды сексуалдык кулчулукка сатуу аракетине бөгөт коюлду.

Соттун чечими менен кармалган жаранга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда адамдарды сатуу фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>