Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Көк бөрү: Кыргызстан Казакстанды ири эсепте жеңди
02.10.2022 | 19:06
Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы финалдык беттеште Казакстандын командасын жеңип алды.
Финалдык оюн эки бөлүккө гана созулду. Оюндун экинчи бөлүгүндө Кыргызстан 5:0 эсебинде алдыга чыккан. Оюндун үчүнчү бөлүгүндө казакстандык көк бөрүчүлөр улак тартышка чыкпай койгон. Жыйынтыгында жеңиш Кыргызстандын курамасына берилген.
Белгилей кетсек, көк бөрүдөн тышкары IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча да мелдеш болгон. Анда Казакстандын курамасы жеңишке жетти. Кыргызстан күмүш байге алган.
Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан оюндар 29-сентябрда башталып, бүгүн, 2-октябрда аяктайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз