Ажылык: Өзбекстан үчүн квотанын саны 24 миңге чейин көбөйтүлөт

Ажылык: Өзбекстан үчүн квотанын саны 24 миңге чейин көбөйтүлөт

Сауд Арабиясы ажылыкка баруу үчүн Өзбекстандын жарандарына квотанын санын 24 миңге чейин көбөйтөт. Мындай макулдашуу Сауд Арабиянын ажылык жана умра иштери боюнча министри баштаган делегациянын өлкө президенти Шавкат Мирзиеев менен болгон жолугушуусунда жетишилди.

Маалыматка караганда, жолугушууда саудиялык делегация Өзбекстандан жылына 100 миңге чейин кичи ажылыкка (умра) келген зыяратчыны кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Бийликте Ислам Каримов турган мезгилде өзбекстандык жарандарга ажылык үчүн квота 5 миң орундан ашчу эмес. Мирзиеевдин тушунда бул көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө. Маселен, 2019-жылы 7 миң 200 өзбекстандык ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк алган. Быйыл 10 миң 865 орун бөлүнгөн.

Бир өлкө үчүн ажылык сапарынын квотасы элинин санына жараша, башкача айтканда «1 миң мусулманга 1 зыяратчы» деген тартипте белгиленет. Өзбекстанда 31 миллиондон ашык мусулман жашарын эске алганда, акыркы макулдашуу белгиленген нормага жакындаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>