Карылар күнү: Кылым карыткан апаларга белек берилди

Карылар күнү: Кылым карыткан апаларга белек берилди

1-октябрь – Карылар күнүнө карата Баткен облусу жана Чүй облусунда жашаган кылым карыткан эки апага белек берилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаров Баткенге болгон иш сапарынын алкагында 1-октябрда Рават айылынын 102 жаштагы тургуну Асал Абдиломутова апанын үйүнө барып, Карылар күнү менен куттуктаган.  Жапаров ага чың ден соолук жана бакубат жашоо каалап, белектерди тапшырган.

Асал Абдиломутова – тылда эмгектенген, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесири.

Ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Карылар күнүн утурлай Кемин районунун 102 жаштагы тургуну Белек Талкамбаевадан кабар алган.

Жаңыл Алыбаева 102 жаштагы апаны Карылар күнү менен куттуктап, президенттин атынан белектерди берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>