БШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттүЖапаров: КРдин экономикасынын өсүшү дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бириСадыр Жапаров ЖК менен кабминдин пикир келишпестиги тууралуу: Бул табигый көрүнүшЧет элдик ырчылар катышкан концерт уюштурам деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү кармалдыЖапаров саясатчыларга, журналисттерге жана блогерлерге өз сөздөрү үчүн жоопкерчиликти эскерттиОшто медициналык колледждин бюджеттик бөлүмүнө өткөрүү үчүн пара алуу фактысы аныкталды
Көк бөрү: Кыргызстан Казакстанды ири эсепте жеңди
02.10.2022 | 19:06
Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы финалдык беттеште Казакстандын командасын жеңип алды.
Финалдык оюн эки бөлүккө гана созулду. Оюндун экинчи бөлүгүндө Кыргызстан 5:0 эсебинде алдыга чыккан. Оюндун үчүнчү бөлүгүндө казакстандык көк бөрүчүлөр улак тартышка чыкпай койгон. Жыйынтыгында жеңиш Кыргызстандын курамасына берилген.
Белгилей кетсек, көк бөрүдөн тышкары IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча да мелдеш болгон. Анда Казакстандын курамасы жеңишке жетти. Кыргызстан күмүш байге алган.
Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан оюндар 29-сентябрда башталып, бүгүн, 2-октябрда аяктайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз