Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Кыргызстандын ички карызы 120,2 млн сомго өстү
06.10.2022 | 14:00
Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары боюнча 6-октябрга карата ички карызы 83 миллиард 215 миллион 589,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Ошол эле учурда көзөмөл органынын маалыматы боюнча, карыз 30-сентябрга карата 83 миллиард 95 миллион 389,8 миң сомго бааланган. Ошентип, бул убакыттын ичинде карыз 120,2 миллион сомго көбөйдү.
Өлкөнүн ички карызынын көбөйүшү Каржы министрлигинин бул сумманы эки жылдык облигациялар аркылуу алуусу менен байланыштуу. Жайгаштыруу 30-сентябрда болгон. Алгач мекеме аукциондон мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен 400 миллион сом алууну пландаган. Бирок суроо-талап азыраак болгон. Соодалардын жыйынтыгында 120,2 млн сомдук облигациялар жылдык 15% менен жайгаштырылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика