Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?
Бала бакча курам деген жарандарга өкмөт жер бөлүп берет – видео
07.10.2022 | 12:36
Бала бакча курам деген жарандарга өкмөт жер бөлүп берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 6-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бала бакча ачууну пландаган ишкерлер мамлекет тарабынан колдоого алынат.
“Эгерде бала бакча курам деген жарандын жери бар болсо, анда бала бакча курууга насыя беребиз. Насыя пайызы жок берилет ”, – деди ал.
Жыйында “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзамынын долбоору боюнча сөз болуп, анда билим берүү системасын реформалоо зарылдыгы айтылган.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 5-майында президент өз кайрылуусунда билим берүү системасын реформалоону экономиканын керектөөлөрүнө жана жаңы замандын талабына ылайык жүргүзүү керектигин белгилеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар