Ош шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жататБШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныдыКыргызстанда жашоо минимуму 9 290 сомго чейин өстү«Түндүк» тиркемеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы 17–18-апрелде ишин убактылуу токтототЖасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгат
КМШ: Орус тилин колдоо уюмун түзүү сунушталды
07.10.2022 | 23:50
КМШнын алдында орус тилин колдоо боюнча эл аралык уюм түзүү сунушталды. Бул демилгени Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммитинде көтөрдү.
Токаевдин сунушун Россиянын президенти Владимир Путин колдоого алды.
“Бул демилге үчүн президент Токаевге ыраазычылык билдиребиз. Орус тили мамлекеттер аралык баарлашуунун тили болгондуктан, менимче, бул баары үчүн маанилүү”, – деди ал.
Ошондой эле ал 2023-жыл КМШда орус тили жылы деп жарыяланганын айтып өттү.
Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммитине Россия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Өзбекстан, Азербайжан жана Беларустун өлкө башчылары катышты. Саммитке президент Садыр Жапаров барган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом