Султанбаев: Президент Жапаров Путиндин мааракесине барбайт

Султанбаев: Президент Жапаров Путиндин мааракесине барбайт

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров 7-октябрда Санкт-Петербург шаарында (Россия) өтө турган КМШ лидерлеринин бейформал саммитине эмнеге барбай турганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, Жапаров саммитке иш графигине байланыштуу бара албайт.

«Иш графигине байланыштуу президент Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт. Россия президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу президенттин куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү», — деди ал.

Эскерте кетсек, аталган саммитте уюмдун алкагында кызматташуу маселелери талкууланмак. Андан тышкары расмий эмес бөлүктө Владимир Путин менен Эмомали Рахмондун 70 жылдык мааракелери белгиленмек. Иш-чарада жакында Путин Эмомали Рахмонго ыйгарган «Ата Мекен алдында сиңирген эмгек үчүн» ордени тапшырылат. Ал сыйлык Рахмонго «аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздөө үчүн» берилгени айтылган.

Ага байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Чыңгыз Кустебаев билдирүү жасап, Тажикстандын акыркы жылдары жасаган аракеттери «аймактагы коопсуздукту камсыздоого» эмес, тескерисинче доо кетирип жатканын белгилеген.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 206 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: президент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>