«Ынтымак-2» сейил багында китепкана ачылды

«Ынтымак-2» сейил багында китепкана ачылды

«Ынтымак-2» эс алуу багында китеп сүйүүчүлөр үчүн ачык асман алдындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Министрлик мындай шарт шаардыктардын, анын ичинде жаштардын китепке болгон кызыгуусун ойготууга шарт түзөт деген ишеничте.

«Китеп дүйнө таанымды кеңейтип гана тим болбостон, сөз байлыгыңды, жашоого болгон көз карашыңды дагы өстүрүүгө өбөлгө болот», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган долбоор Маданият министрлигинин «Келечек» мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында ишке ашууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>