«Радуга» пансионатындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Төрт коттедж күйүп кеткенКыргызстандыктарга электр жабдууларын колдонуу көлөмүн азайтуу сунушталуудаАстанада билим жана илим боюнча эл аралык форум өтүп, ага Токаев катыштыЫсык-Көлдө «Радуга» пансионатынын коттедждери күйүп жатат«Кыргызкомур» тогуз айдын жыйынтыгы менен туруктуу өсүштү көрсөттүАвтоблогер Настя Туман: Дагестанды кыргыз номурлуу Changan автоунаалары каптады
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору колдоо тапты
10.10.2022 | 20:29
Бүгүн, 10-октябрда парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Анын айтымында, келишимдин долбооруна 6 депутат “макул” жана 4 эл өкүлү “каршы” добуш берген. Айдарбеков өзү бул документтин долбооруна макулдугун берген эмес.
Эми аталган документ президенттердин кол коюусунан кийин Жогорку Кеңешке ратификацияга алынып келет.
Эскерте кетсек, бүгүн комитеттин жыйында маалымат берген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, документке ылайык, Кыргызстан 19 миң 699 гектар жер алып, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 га жери берилерин билдирген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом