5-декабрь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөтӨкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койду
Активист Атай Бейшенбек эки айга камакка алынды
25.10.2022 | 18:14
Жарандык активист Атай Бейшенбек эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Соттун чечими менен ал 20-декабрга чейин №1 тергөө абагында камакта болот.
Атай Бейшенбеков 20га жакын активист жана саясатчылар менен бирге “массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө” шектелүүдө. Алардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Кармалгандар буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып келишкен.
Активист Атай Бейшенбек өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, ага кылмыш иши жалган-жалаа менен ачылып, оозун жабуу үчүн жасалып жатканын билдирди.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом