Бишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырды
Индияда кыргызстандык аял 7,5 кг алтын менен кармалды. ТИМ үн катты
29.10.2022 | 14:53
Индияда кыргызстандык аялдын 7,5 кг алтынды мыйзамсыз алып өтүүгө шектелип кармалышынын чоо-жайы такталууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган аял А.Ж. аттуу жаран. Учурда Индиядагы элчилик анын кармалышынын чоо-жайын тактап, консулдук жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууда.
“Министрлик бул маселени көзөмөлүнө алган”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кыргызстандык аял 7,5 кг алтын менен Индиянын Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортунда кармалган. Ал төрт алтын куйманы корсетте жасалган чөнтөктөргө катып алып өтүүгө аракет кылганы кабарланган.
Бул окуя боюнча Индияда «алтын аткезчилиги» боюнча кылмыш иши козголгон. Жергиликтүү соттун чечими менен ал 14 күнгө камакка алынган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом