CASA-1000: Кыргызстанда зымдарды тартуу иштери жүрүүдө
CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында Баткен облусунда 12-сентябрдан тарта зым тартуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКсынын билдиришти
Маалыматка караганда, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн ЖЧ-500 кВ чубалгысынын узундугу 456 чакырымды түзөт.
“Бүгүнкү күндө 1 миң 211 (97,4%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1 миң 211 (97,4%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды. Ошондой эле 1 миң 180 (94,9%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 969 (78%) тирөөч орнотулду, зымдарды тартуу – 36,1 км (7,9%). Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1 миң 243тү түзөт.Андан сырткары, Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ көмөкчү чордонун куруу иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулган.
Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбор Азия менен Түштүк Азиянын – Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.
[image_carousel source=”media: 162781,162782″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз