Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Акыйкатчы: Кош бойлуу журналисттин камалганы мыйзамга туура келбейт
04.11.2022 | 11:15
Акыйкатчы институту кош бойлуу журналист айымдын камалганы мыйзамга туура келбестигин белгилейт. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова журналист Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалганын билдирген.
Анын айтымында, 4-ноябрга караган түнү журналисттин үйүндө тинтүү жүрүп, ИИМге алып кетишкен. Андан кийин, журналисттин боюнда бар болгондуктан, ооруканага алып барышкан. Дарыгердин «боюнан түшүп калуу коркунучу бар» деген тыянагына карабай, камакка алынган.
Ал эми Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы боюнча түшүндүрмө берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом