Журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалды. ИИМдин түшүндүрмөсү

Журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалды. ИИМдин түшүндүрмөсү

Журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка камалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, 4-ноябрга караган түнү журналисттин үйүндө тинтүү жүрүп, ИИМге алып кетишкен. Андан кийин, журналисттин боюнда бар болгондуктан, ооруканага алып барышкан. Дарыгердин «боюнан түшүп калуу коркунучу бар» деген тыянагына карабай, камакка алынган.

Ошондой эле, укук коргоочу оператор Калыс Ашырбеков (пост калтырган учурда) суракта экенин билдирген.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын 2016-2017-жылдардын аудио жазууларын жарыялоо менен шантаж кылып, системалуу түрдө опузалап акча талап кылган бир катар адамдар 2 миң доллар пара менен кармалышты.

«МИР24.kg» маалымат порталынын башкы директору С.С. жана ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери кылмыштын негизги аткаруучусу болуп саналат. Ошондой эле, бул кылмышка көмөктөшкөндүктөрү үчүн шектелип «МИР24.kg» маалыматтык порталдын оператору К.Б.у. жана «Жорго-Такси» компаниясынын айдоочусу Өзбекстандын М.М. аттуу жараны кармалышты», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМден белгилешкендей, кармалган жарандар бул кылмышты жасагандыгын мойнуна алып, өз көрсөтмөлөрүн беришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>