Кадамжайда окуучулар түрмөнүн имаратында окуп жатышат, — депутат

Кадамжайда окуучулар түрмөнүн имаратында окуп жатышат, — депутат

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарындагы авариялык абалдагы мектептер боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, ал аталган аймактардагы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышып келген.

“Окуучулар коридордо окуп жатышат. Андан тышкары Бабур атындагы орто мектебинин имараты 100 жыл мурун түрмөкана болуп курулган экен. Учурда балдар ошол имаратта окуп жатышат. Мен авариялык абалдагы мектептердин тизмесин бердим. Ошондой эле, капсула салынып, курулушу ошол бойдон калган №3 мектеп дагы бар. Ушундай курулуштарды 2023-жылдын бюджетине киргизип, бүтүрүп берүүңөрдү өтүнөм ”, — деди Ырысбек Атажанов.

Ал эми депутаттын “Кадамжай районунда ӨКМ тарабынан канча мектеп авариялык абалда деп табылган?” деген суроосуна жыйынга катышып жаткан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү жооп бере алган жок.

Биздин Телеграм каналга катталдыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>