Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Кыргызстандык жаран жоголгон MacBook үчүн кенемте төлөттү
05.11.2022 | 10:26
АКШдан Кыргызстанга товарларды ташыган ишкана кампада жок болгон товардын акысын төлөп берди. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандык жаран MacBook Air үлгүсүндөгү ноутбукту АКШдан буйрутма кылган. Келишим боюнча компания буйрутманы 10 күндүн ичинде жеткирип бериши керек болгон. Бирок компания үч айдан ашык убакыттан кийин кампадагы товар жоголгонун билдирген.
Натыйжада керектөөчү арыз жазып, жолугушуудан кийин компания 1249 доллар (104 578 сом) төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар