Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Кыргызстанда кой эти бир аз арзандады
09.11.2022 | 00:12
Кыргызстанда 4-октябрдан 4-ноябрга чейин уй жана жылкы этинин баасы кымбаттаса, тескерисинче, кой этинин баасы бир аз арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Алсак, уй эти 4,6 сомго кымбаттап, 535,85 сомдон 540,45 сомго, жылкынын эти 2,2 сомго кымбаттады.
Кой этинин баасы 2,44 сомго арзандады, 4-ноябрга карата орточо баа 531,29 сомду түздү.
Белгилеп кетсек, өлкө боюнча кой этинин орточо баасы Каракол шаарында 59,82 сомго, ошондой эле Талас районунун Покровка айылында 30 сомго төмөндөгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика