Кыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурлар
Ырчы Бекжан Темирхан каза болгон жол кырсыктын чоо-жайы
11.11.2022 | 10:09
Боом капчыгайындагы жол кырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу 11-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, “Семенов” көпүрөсүнөн Чу суусуна “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен 1995-жылы туулган Т уулу Б. аттуу эркек киши каза болуп, 1 эркек киши жаракат (аты жөнү такталууда) алган. Куткаруучулар тарабынан алар унаадан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген.
Каза болгон жаран 27 жаштагы ырчы Бекжан Темирхан экендиги аныкталды. Ырчы Аксы районунун Кызыл-Жар айылында туулган.
Анын аткаруусундагы «Эзилип бүттүм», «Кантем», «Шекерим» аттуу ырлары көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом