Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу жана таштандыларды башкаруу боюнча жаңы чаралар бекитилдиКыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөтАнтимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмаштыМандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнМСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керек
Кыргызстанда быйыл 2,9 миң аз камсыз үй-бүлө өз бизнесин баштады
11.11.2022 | 18:00
Быйыл 2900 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен “Социалдык келишим” түзүп, жеке бизнесин ачты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтына жарыяланды.
Мекеменин маалыматы боюнча, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун ордуна 100 миң сом алган. Бул каражатка алар күнөскана жана унаа оңдоочу жайларды ачып, ширетүү аппараттарын алуу, мал сатуу сыяктуу жеке чарбаларын уюштурушкан.
“Кийинки жылы 10 миң аз камсыз болгон үй–бүлө менен ушундай келишимдерди түзүүнү пландап жатабыз. Негизги принцип – балыкты кармап берүү эмес, балык кармоо үчүн кайырмак берүү”, – дейт эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом