Кыргызстанда жаңы эко чыйыр жолдор пайда болду

Кыргызстанда жаңы эко чыйыр жолдор пайда болду

Кыргызстанда жаңы эко чыйыр жолдор пайда болду. Сезон учурунда ал жолдор менен 100 миңдеген адамдар басып өтөт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө жөө жүрүштөрдүн кызыгы эки эсе артты. Фонд эко чыйыр жолдорду салууну улантат, 6 маршрут чийилип бүттү.

Туристтердин бир тобуна тааныш эмес төмөндөгү 5 чыйыр жол жасалды:

  • Адыгине (Ала-Арча капчыгайы);
  • Бөйрөк кайыңдуу токойу (Ала-Арча капчыгайы);
  • Теке-Төр (Аламүдүн капчыгайы);
  • Көк-Мойнок (Ысык-Ата району, Туюк капчыгайы);
  • Көл-Төр (Ысык-Ата району, Кегети капчыгайы);

Бул чыйыр жолдордун бардыгы Чүй облусунда, Бишкек шаарынан 1-2 саат алыстыкта жайгашкан. Ошондой эле алар жөө жүрүшкө чыккандардын арасында популярдуу болуп саналат.

Алар менен жылына 100 миңдеген адамдар басып өтөт. Жолдордун узундугу 3 чакырымдан (Бөйрөк) 10 чакырымга чейин (Адыгине) созулат. Булар бир күндүк жолдор. Аларды даярдыгы жок туристтер дагы, ал тургай жаш балдар да басып өтө алышат. Ал эми жаңы жасалган чыйыр жолдор менен азыр эле басып өтүүгө, алардын арасынан Бөйрөк менен Теке-Төрдөн жыл бою өтүүгө болот.

“Бардык маршруттарга маалымат навигациясы коюлду. Жыйыр жолду басып өтүүнүн болжолдуу убактылары, ортодогу чекиттер, аралыктары, жайгашуу бийиктиги тууралуу маалыматтар жазылган. Бардык маалыматтар кыргыз, орус, англис тилдеринде жеткиликтүү. Чыйыр жолдор маркировкаланган. Жолдорду бойлото жол көрсөткүчтөр орнотулган. Мындан аркы баскыч — QR код аркылуу маршрут жөнүндө кененирээк маалымат алуу максатында чыйыр жолдорду санариптештирүү”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, маркировкаланган 6 чыйыр жолго жакында дагы төрт жол кошулат. Алар Чычкан, Тамга, Барскоон жана Сокулук (Белогорка) капчыгайлары.  Келерки жылы Кыргызстандын бардык аймактарында эң аз дегенде белгиленген 20 маршрут пайда болот. Бир күндүк чыйыр жолдордон тарта, басып өтүү көбүрөөк убакытты жана олуттуу жөндөмдөрү талган жолдор салынат. Жогорудагы пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке аша турган болсо, келечекте өлкөдөгү бардык, анын ичинде анча тааныш эмес чыйыр жолдорду да маркировкалоо планы бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>