Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Үрөй учурган жол кырсыктан жеңил унаа талкаланды – видео
14.11.2022 | 10:23
Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда кечээ, 13-ноябрда жол кырсыгы болуп, айдоочу ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы эртең мененки саат 08:00до болгон. 31 жаштагы Ш.М. аттуу айдоочу Honda Fit унаасы менен аэропорт тарапка бара жатып, 23-чакырымда рулга ээ боло албай, жолду бөлүп турган тосмону сүзүп алган.
Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу Сокулук аймактык ооруканасына жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз