Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Сузак: Дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Айнура Исиралиева табылды
28.11.2022 | 17:08
Жалал-Абад облусунда 9-ноябрда үйүнөн чыгып кетип, изделип жаткан Таран-Базар айылынын тургуну 18 жаштагы Айнура Исиралиева табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, ал үй-бүлөдөгү таарынычтан улам 9-ноябрда үйүнөн чыгып кеткенден кийин Бишкекке кетип калган. Милиция кызматкерлери анын Бишкекте экенин аныктаган. Андан кийин ал үй-бүлөсү менен байланышка чыгып, үйүнө кайтып келген.
Эскерте кетсек, 15-ноябрда облустук милиция, 18 жаштагы Айнура Ирисалиева аттуу келин 9-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, коомчулукту издөө иштерине көмөктөшүүнү суранган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом