Айзаданын өлүмү: Соттолуучулар 20 миң сомдон кенемте төлөшөт

Айзаданын өлүмү: Соттолуучулар 20 миң сомдон кенемте төлөшөт

Жогорку сот Айзада Канатбекованын иши боюнча жабырлануучу тарапка төлөнүп берүүчү кенемтенин өлчөмү боюнча мурда чыгарылган сот өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Ал белгилегендей, Биринчи май райондук соттун беш соттолуучудан 100 миң сом кенемте төлөтүү чечими күчүндө калган.

«Эскерте кетсек, биз ар биринен 100 миң сомдон төлөтүп берүүсүн суранганбыз», — дейт жактоочу.

Эскерте кетсек, былтыр 5-апрелде Айзада Канатбекованы топ балдар унаага салып уурдап кеткен. Эки күндөн кийин Канатбекованын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги айылдан табылган.

Айзаданы уурдоого катышкан адамдар кармалып, аларга иш козголгон. Сентябрь айында Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан Ажикабыл Рысбай уулу, Сыймык Молдосариев жана Орузбек Нурумбетов 7 жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов 6,5 жылга эркинен ажыратылган.

Андан тышкары соттун өкүмүнө ылайык, айыпталып жаткан тарап Айзаданын жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп бермекчи болгон. Соттун бул өкүмүнө макул болбогон жактоочу кийинки сот инстанциясына апелляция менен кайрылган.

Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча чара көрбөй, шалаакылык кетирген Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине да иш козголгон. Бирок милиция кызматкерлери тартиптик жаза менен гана чектелип, четинен ишке кайтып келе баштаган.

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтымында, милиция кызматкерлерине ачылган иш мурда эле токтотулган. Ошол эле учурда коомчулук жана Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова шалаакылык кетирген милиция кызматкерлерин да кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча президентке кайрылган.

Былтыр Айзада Канатбекова уурдалганда президент Садыр Жапаров бул ишти жеке көзөмөлүнө аларын билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>