Баткенде 6 млн сомдук дарыларды ташып бараткан топ кармалды

Баткенде 6 млн сомдук дарыларды ташып бараткан топ кармалды

Баткен облусунда аткезчилик менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ОИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери жүргүзгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Баткен районунун 23 жаштагы тургуну С.Н.М. жана  Араван районунун Төө-Моюн айылынын 51 жаштагы тургуну М.Г. Т.  улуттар аралык кылмыштуу топ түзүшкөнү аныкталган.

Алар Тажикстан —Кыргызстан — Өзбекстан  аймактары аркылуу аткезчилик жолу менен 15040 (он беш миң кырк) даана, жалпы суммасы 6 млн 016 миң (алты миллион он алты миң) сомдук “Левонекст” левофлоксацин аталышындагы медициналык дарыларды Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттик чек аралары эки тараптуу жабык экендигине карабастан, андан жекече пайда көрүү максатын көздөп, Баткендин Чоң-Талаа айылынан Кызыл-Кыя шаарына жеткизип, андан ары Өзбекстандын аймагына өткөрүп жүргөн жеринен кармалган.

Андыктан, бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүмүнүн 5-пункту (контрабанда) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>