Талас облусунда ЖРТдан жогорку балл алган 63 бүтүрүүчү 50 миң сомдон алыштыЖайкы тамак-ашка уулануулар: Кыргызстанда анын алдын алуу чаралары эскертилдиКыргызстанда заманбап тазалоочу курулмалардын пилоттук долбоорлору ишке киргизилиши мүмкүнТүндүк – Түштүк альтернативдүү жолундагы «Көк-Арт» төлөм алуу түйүнү ишке кирдиЫрчы Бонни Тайлер дүйнөдөн кайттыДастан Бекешев Бишкектеги мурдагы май куюучу жайдын ордундагы курулуштун мыйзамдуулугунан күмөн санады
Кыргызстанда кой эти арзандап, уй менен жылкынын эти кымбаттады
28.11.2022 | 16:49
Кыргызстанда 1-ноябрдан 25-ноябрга чейин кой эти арзандаса, уй жана жылкы этинин баасы бир аз кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, кой эти 0,4%га, 531,17 сомдон 528,80 сомго чейин арзандаган. Ал эми уй этинин өздүк наркы 0,03%га, жылкынын эти 0,1%га кымбаттаган.
Белгилей кетсек, кой этинин арзандашы Талас облусундагы Покровка айылында 10 сомго, Бишкек шаарында 4,56 сомго жана Ош шаарында 3,79 сомго арзандаганына байланыштуу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика