Май майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыкта
Ошто коюу тумандан улам ички авиакаттамдардын графиги өзгөрдү
05.12.2022 | 11:27
Бүгүн, 5-декабрда, «Ош» эл аралык аэропортун коюу туман каптады. Туруксуз аба ырайына байланыштуу эртең мененки саат 7:40тан баштап айрым ички авиакаттамдардын графиги жылдырылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөртүлгөн графиктин тизмеси:
– Ош — Бишкек (132) каттамы 7:45тен 11:40ка жылдырылды.
– Ош — Бишкек (106) каттамы 8:40тан 11:50гө жылдырылды.
– Ош — Бишкек (178) каттамы саат 10:40тан 12:30га которулду.
Буга ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын графиги да жылдырылууда.
«МЭА» ААК ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Эскерте кетсек, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо компания үчүн биринчи орунда турат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар