Азиз Мурадиллаевдин операциясына эл 1,5 млн сом чогултуп берди

Азиз Мурадиллаевдин операциясына эл 1,5 млн сом чогултуп берди

Актер Азиз Мурадиллаевдин операциясына эл 1,5 млн сом чогултуп берди. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда маалымат жыйында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Молдокматова актердун операциясына жетиштүү каражат топтолгондуктан, акча чогултуу токтотулганын белгиледи.

«4-декабрда эртең менен бир нече сааттын ичинде 3 миң 270 мин доллар чогулган. Андан кийин прездентке кайрылуу жасагам. Болжол менен 40 мүнөттөн кийин Азиз Мураддиллаевдин жубайы Эльвира Жумалиевага ооруканага 42 миң долларды алып келип беришти. Андан кийин биз акча чогултууну токтоттук. Мен президентке жардамы, элдин үнүн уккканы үчүн ыраазычылык билдирдим. Учурда эл Азиз Мурадиллаев үчүн кабатыр болуп жатат», — деди ал.

Ал азыркы убакытка карата эл тарабынан жалпы 1,5 млн сом чогултулганын айтып, кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

«Биздин өлкөбүздүн башкы байлыгы — биздин ынтымактуу элибиз», — деди ал.

Молдокматова эл чогулткан 1,5 млн сом жана президент тарабынан берилген 42 миң доллар актердун апасы, Кыргызстандын Эл артисти Анара Сыдыгалиевага берилерин билдирди. Анын ичинен 65 миң сом рак менен ооруган 10 жаштагы кыздын дарылануусуна берилет.

«Жалпы чечим менен 65 миң сомду ак кандуулук менен ооруган 10 жаштагы Жамиля аттуу кыздын апасына берүүнү сунуштадым. Ал операция жасатууга муктаж. Муну Азиз Мурадиллаевдин жубайы жана апасы менен макулдаштык»,  – деди ал.

Андан кийин сөздү Азиз Мурадиллаевдин апасы Анара Сыдыгалиева алып, жардам көрсөткөнү үчүн кыргызстандыктарга жана президентке ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, 3-декабрда актер Азиз Мурадиллаев ооруканага түшүп, ал операцияга муктаж болгондуктан акча топтоо башталган. Операция үчүн 45 миң доллар керек экени айтылган.

Жапаров Мурадиллаевдин операциясына 42 миң доллар бөлдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>