Кыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылыштыРоссиянын коргоо министри Белоусов расмий сапар менен Бишкекке келди27-апрелге карата аба ырайыБишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталды
Кант жана Кара-Балтага жаңы заводдор курулат
06.12.2022 | 09:08
Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларына жаңы заводдор курулат. Бул тууралуу Түркия өлкөсүнөн келген инвесторлор президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен жолугушуу учурунда билдиришти.
Ишкерлер Кант шаарына пластик тетиктерди, асфальт чыгаруучу заводдорду жана Кара-Балта шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курууну пландаштырышууда.
Инвесторлор ар бир долбоорго 5 миллиондон 15-25 миллионго чейин АКШ доллары сарпталаарын билдиришти.
Ошондой эле, түркиялык инвесторлордун айтымында, Чүй облусунун Аламүдүн районуна текстиль фабрикасын жана сүттү кайра иштетүүчү завод куруу маселеси каралып жатат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз