Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет. Эмнелер пландалып жатат?

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет. Эмнелер пландалып жатат?

9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда», — деди Муратбек Азымбакиев.

Андан соң 10-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары болот.

«Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтөт», — деп билдирди тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Буга чейин Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен декабрь айында келери кабарланган. Бирок анын так күнү айтылган эмес. Мирзиеевдин сапарынын алкагында кол коюла турган документтердин арасында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документтер бар.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>