Ататүрк паркындагы реконструкция иштери башталат. Кандай өзгөрүүлөр болот?Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн банк кызматкерлеринин жыйыны өттүӨзгөндө 2500 адамга ылайыкталган жаңы стадион ачылдыЦУМ-2 соода борборунда 21 жаштагы кыз каза болдуБалыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу селден улам убактылуу жабылдыКайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жок
Мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну жоюу пландалууда
08.12.2022 | 18:34
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну жоюу пландалып, учурда мыйзам долбоору парламентте каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.
Мөөнөтүнөн мурда эркектер 60, аялдар 55 жашта пенсияга чыга алышмак.
“Азыр Министрлер кабинети бул норманы алып салуу боюнча сунуш киргизди. Парламенттин тармактык комитети мыйзам долбоорун буга чейин жактырган. Биз мыйзам долбоорун кийинки жумада жыйынга алып чыгабыз”, – деди ал.
Алиев өлкөдө пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөй турганын, азыр эркектер 63, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгаарын белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика