Ормон хандын 230 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү

Ормон хандын 230 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү

Бүгүн, 8-декабрь күнү Улуттук тарых музейинде Ормон хан Ниязбек уулунун (Ормон хандын) 230 жылдыгына карата «Ормон хан Ниязбек уулу — XIX кылымдын орто чениндеги көчмөн Кыргыз мамлекетинин түзүүчүсү» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов катышып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө негиз салуучулардын бири, белгилүү саясий ишмер Ормон Хан Ниязбек уулунун өмүр жолу тууралуу сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө министр Ормон хандын өнөктүү өмүрү, кыргыз урууларынын ынтымагы жана ырбап жаткан кыргыз элин бириктирүүгө болгон иш- аракеттери, ошол кездеги эл аралык алакадагы таасирине токтолду.

Ошондой эле, ал кыргыз элинин бүтүндүгү жана бейкутчулугу үчүн душмандарга карата оор сокку урганы, кыргыз мамлекетинин аймагындагы киши өлтүрүү, мал уурдоо, уруулар ортосундагы чабыштарды, тартип бузууларды жөнгө салган мыйзамдар аныкталгандыгына токтолуп, кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.

«Кыргыз элинин тарыхында өзгөчө орду бар, эрдиги менен кылымдарга элдин эсинде калган Ормон хан Ниязбек уулунун тарыхый жолу урпактарга мурас. Анын тарыхый баскан жолу жана доору бүгүнкү күн үчүн сабак болууга тийиш. Уруунун эмес улуттун кызыкчылыгын алдыга койгон кадам келечек муун үчүн дагы чоң мааниге ээ. Андыктан, тарых өз баасын берип жаткан инсандын ысымы ар бир кыргыз элинин жүрөгүндө бекем сакатлууга тийиш», — деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүнө Накен Касиев, Кемел Ашыралиев, Каныбек Иманалиев, Бекболот Талгарбеков сындуу белгилүү коомдук ишмерлер, Аблабек Асанканов, Өскөн Осмонов, Кыяс Молдокасымов баштаган бир катар тарыхчы окумуштуулар, санжырачылар жана Ормон хандын урпактары катышты.

Эске салсак, кыргыз элинин тарыхында барандуу орду бар Сарыбагыш уруусунун чоң манабы, Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Тарыхый маалыматтарга караганда, Ормон хан 18 жашынан баштап эле согуштук жүрүштөргө активдүү катышып, өмүрү өтө татаал тарыхый кырдаалга — кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келген. Отуз жашынан эл башкарууга аралашкан.

Ниязбек уулу кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830-1831-жылдары солто, сарбагыш, бугу, саяк, черик жана башка уруулардын өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин «Жер ортосу» аталган Орто-Токойго атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн. 1842, 1843, 1851-жылдары Ысык-Көлдөгү, Курткадагы, Чүйдөгү Кокон чептерин талкалатып, Кокон бийлигине оор сокку урган.

1847-жылы Кененсары баштаган казактын кошууну кыргыздарды басып алуу үчүн жортуулга чыккан. Салгылашка бек турган Ормон хан армиясы менен казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдеген жана Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргогон.

Кыргызстанда Ормон Хандын 230 жылдыгы белгиленет

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>