Ак-Ордодогу үрөй учурган кылмыш боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болдуКыргызстанда инновациялык технологиялык хаб түзүлөт“Борбор Азия-Россия саммити”: Эмнелер талкууланды? Эксперттик анализШайлоо алдында мыйзамсыз акча чогулткандар жоопкерчиликке тартылат – БШККыргызстанда жайыт жерлерди пайдалануу ченемине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүнОкуу жайлардагы зомбулуктун алдын алууга багытталган улуттук изилдөө жүргүзүлүүдө
Ректор Мамашарип Чотонов 54 жашына көз жумду
08.12.2022 | 22:26
Б.Бейшеналива атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал 2014-жылдын апрель айында ректор болуп шайланган.
Мамашарип Чотонов 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кызыл-Жар айылында туулган. Мугалимдик эмгек жолун 2004-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу болуп иштөө менен баштаган. 2012-жылдан бери оркестр жана хор дирижёру факультетинин деканы.
Экономика илимдеринин кандидаты, доцент болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар