Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Таласта мектеп менен бала бакчалар карантинге жабылды
14.12.2022 | 13:59
Таласта мектеп менен бала бакчалар карантинге жабылды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, 13-декабрда саламаттыкты сактоо тармагын башкаруу боюнча облустук Координациялык кеңештин жыйыны болуп өтүп, анда 14-декабрдан тарта мектеп менен бала бакчаларды карантинге жабуу чечими кабыл алынган.
“Жыйында 13-декабрга карата эпидемиялык абал талкууланып, инфекциялык окуялардын жайылып кетишин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 14-декабрдан 24-декабрга чейин Талас облусундагы бала бакчаларды жана мектептерди карантинге жабуу боюнча чечим кабыл алынды”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом