Чүйдө үй-бүлөдө чыккан чыр өлүм менен аяктады

Чүйдө үй-бүлөдө чыккан чыр өлүм менен аяктады

Чүйдүн Сокулук районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-декабрда милицияга Сокулук районунун аймактык ооруканасынан 24 жаштагы С.К. аттуу жаран каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Текшерүү учурунда, Ново-Павловка айылынын 24 жаштагы С.К. аттуу тургуну Сокулук районунун аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө ар-кандай дене жаракаттары менен келип түшүп, көрсөтүлгөн жардамга карабастан, каза болгону аныкталган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары маркумдун жарандык жолдошу 30 жаштагы В.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө амалдары улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>