Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары 200 миң доллар опузалоого шектелип кармалдыКыргызстан менен Жапония бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкууладыЭрлан Шеров дзюдо боюнча Европа кубогунун коло байгесин жеңдиБишкектин айрым райондорунда бир нече күнгө газ өчүрүлөт — өчүрүү даталары жана даректериАк-Ордодогу үрөй учурган кылмыш боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болдуКыргызстанда инновациялык технологиялык хаб түзүлөт
Ташиев Баткендеги жоокерлер менен бирге тамактанды – видео
14.12.2022 | 16:45
Камчыбек Ташиев аймактарга болгон иш сапарынын алкагында Баткендеги аскер бөлүктөрдүн биринде жоокерлер менен бирге тамактанып, алардын кандай тамактанарынан кабар алды.
Тамактануу учурунда Ташиев дасторконго коюлган тамактарды, анын ичинде колбаса менен сырды жоокерлер күндө жейби деп сурады.
Ага күнүнө бир жоокерге 30 грамм колбаса, 30 грамм май, 20 грамм сыр каралганын айтышты.
Столдо колбаса менен сыр айтылгандан көп коюлуп, түшкү менюда жок тамактар тургандыктан, дасторкондун үстүнөн помидор, бадыраң, колбаса, сыр май алынды.
Эскерте кетсек, 12-декабрда Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын ишин текшерүү үчүн аймактарга иш сапар менен учуп кеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом