Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Ташиев Баткендеги жоокерлер менен бирге тамактанды – видео
14.12.2022 | 16:45
Камчыбек Ташиев аймактарга болгон иш сапарынын алкагында Баткендеги аскер бөлүктөрдүн биринде жоокерлер менен бирге тамактанып, алардын кандай тамактанарынан кабар алды.
Тамактануу учурунда Ташиев дасторконго коюлган тамактарды, анын ичинде колбаса менен сырды жоокерлер күндө жейби деп сурады.
Ага күнүнө бир жоокерге 30 грамм колбаса, 30 грамм май, 20 грамм сыр каралганын айтышты.
Столдо колбаса менен сыр айтылгандан көп коюлуп, түшкү менюда жок тамактар тургандыктан, дасторкондун үстүнөн помидор, бадыраң, колбаса, сыр май алынды.
Эскерте кетсек, 12-декабрда Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын ишин текшерүү үчүн аймактарга иш сапар менен учуп кеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом