Кыргызстан Airbus H145 тик учагын сатып алды — сүрөт

Кыргызстан Airbus H145 тик учагын сатып алды — сүрөт

Кыргызстан экинчи жаңы Airbus H145 тик учагын сатып алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал белгилегендей, президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, Кыргызстанга келген экинчи жаңы Airbus H145 тик учагында айланып учуп, сыноодон өткөрдү.

Республикалык бюджеттин эсебинен Германиядан сатылып алынган жаңы тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү.

Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган. Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда жеке жана юридикалык жактар да бул тик учакта белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышат. Бул максаттан түшкөн каражат өлкөнүн бюджетине түшөт.

«Airbus H145 тик учагын сыноо учурунда мамлекет башчысы учурдагы реалдуулук адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу жабдууларга жана каражаттарга ээ болуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын баса белгиледи. Заманбап техникка жардам берет жана тез реакция кылууга өбөлгө түзөт. Келерки жылы Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин макулдашуусунун алкагында өлкөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жаңы МИ-8 МТВ маркасындагы тик учак гранттык негизде келет деп күтүлүүдө», — деп билдирди Султанбаев.

Мындан тышкары, учурда Коргоо министрлигинин тик учактарын капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат. Муну менен Кыргызстанда вертолеттук авиация тармагынын өсүүсү уланууда.

Садыр Жапаров тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-чаралары муну менен эле токтоп калбай, бул багыттагы иштер улантыла турганын билдирген.

Эскерте кетсек, буга чейин август айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы сатылып алынган Airbus H-125 тик учагы берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>