Видео: Прокурор, жактоочу жана аудитор пара менен кармалды

Видео: Прокурор, жактоочу жана аудитор пара менен кармалды

Пара алып жаткан жеринен прокурор, жактоочу жана жеке аудитор кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-декабрда УКМК тарабынан Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү М.А. адвокат З. Т. жана жеке аудитор С.Т. кармалган.

«Аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алышып, К.Б. аттуу жаранына карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган. Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>