Патрулдук унаа жеңил унаа менен кагылышты. Жаракат алгандар барКадамжайда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылдыПрезидент Жалал-Абадда УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборун ачтыЕвропа инвестициялык банкы «CASA-1000» долбоорун кошумча каржылайт. Президент мыйзамга кол койдуСамат Кыргыз Абдрахманов Бишкектеги бокс кечесинде жеңишке жеттиАрыкка чөгүп кеткен. Кара-Балта жактан психдиспансердин бейтабынын сөөгү табылды
Садыр Жапаров Санкт-Петербургга иш сапары менен барат
23.12.2022 | 17:35
Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка караганда, Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинине мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.
Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом