Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды — видео

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды — видео

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап ачка талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган Я.К. аттуу жаран мурда абакта отуруп чыгып, «положенец» болуп эсептелген. Абакта отурган учурда ал кылмыш жазасын өтөп жаткан чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган. Учурда шектүү №1 тергөө абагына камакка алынган.

«Белгилей кетсек, Я.К. кармоо учурунда жалпы салмагы болжол менен 60 граммды түзгөн «нашаа» баңгизаты табылган. Ага байланыштуу, мындан аркы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн жана өз ара аракеттенүүнүн алкагында бул факты ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүнүн башка мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>