Баткендин тургуну лотереяга катышам деп, 99 миң сомун алдатып жиберди

Баткендин тургуну лотереяга катышам деп, 99 миң сомун алдатып жиберди

Баткен облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну Н.У. милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын апрель айында YouTube аркылуу лотерея ойноткон жарандын М-Ваnk капчыгына 99 миң сом акча которгонун жана ал жаран бүгүнкү күнгө чейин лотерея ойнотпой, качып жүргөнүн билдирген.

Бул арыз каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Баткен РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында лотерея ойнотом деген жарандын өздүгү аныкталып, 2022-жылдын 21-декабрь күнү Лейлек районунун Раззаков шаарынын 23 жаштагы Б.Н. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>