Бишкектин тез жардам кызматы эки бутунун манжасын үшүк алган 43 жаштагы жаранды ооруканага жаткырышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ал Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги ошондой эле республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдары штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи. Электр энергиясы авариялык өчүрүлгөн учурда реанимация бөлүмдөрүндө генераторлор бар, алар вакцина кампаларында да бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз