Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Бишкекте дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Акылбек табылды
12.01.2023 | 17:23
Бишкек шаарында 7-январдан бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Акылбек Таалайбеков табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, ал 11-январда болжол менен саат 21:00до Бишкектин аймагында аман-эсен табылган.
Милиция кызматкерлери баланы ата-энесине өткөрүп берип, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
Милиция балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда, жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 номерине кайрылуу керектигин эскертет.
Эскерте кетсек, 8-январда милицияга Бишкек шаарынын Т.К. аттуу тургуну (аял киши) кайрылып, 14 жаштагы уулу Акылбек Таалайбековду табууга жардам берүүнү суранган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз