Бажы кызматынын төрагасы расмий тилде баяндама кылуудан баш тартты

Бажы кызматынын төрагасы расмий тилде баяндама кылуудан баш тартты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков бүгүн, 12-январда аталган мекемеде өткөн маалымат жыйында 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча баяндаманы расмий тилде (орус тили) айтуудан баш тартты.

Жыйында ал былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тилде (кыргыз тили) баяндама жасап, андан кийин сөздү орун басары Алмаз Салиевге берген.

Ошол учурда журналисттердин бири маалыматты кыргыз жана орус тилинде берүүнү суранды.

Исабеков кошумча суроолорго расмий тилде жооп берүүгө даяр экенин айтты.

«Азыр кыргыз тилине артыкчылык берилип жаткандыктан кыргыз тилинде баяндама берүүнү туура көрдүк. Суроо болсо, (расмий тилде – ред.) жооп бергенге даярбыз», — деди Исабеков.

Андан кийин башка журналист баяндаманы орус тилинде да берүүнү талап кылды.

Бирок Исабеков суроолорго эки тилде жооп беришерин билдирди.

«Башка органдар же Жогорку Кеңештин депутаттары туура эмес түшүнүп калат. Суроо берилсе орус тилинде да, кыргыз тилинде да жооп беребиз», — деди Исабеков.

Андан кийин журналист маалымат жыйындарда маалыматтар эки тилде берилерин белгиледи.

«Сиз биздин үйдөсүз. Биз сиздерди конок катары тосуп жатабыз. Негизги баяндама кыргыз тилинде, (расмий тилдеги  — ред.) суроолорго орус тилинде жооп берели», — деди Исабеков.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>