Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Өзбекстандын бир нече аймагында кышкы каникул узартылды
18.01.2023 | 09:40
Өзбекстандын айрым аймактарында жергиликтүү бийлик катуу сууктан улам кышкы каникулду 23-январга чейин узартты.
Маалыматка караганда, Каракалпакстандагы мектептердин төрттөн үч бөлүгү, Ташкент шаары, Ташкент, Анжиян, Бухара, Наманган, Сурхандарыя жана Хорезм облустарында сабак кийинки дүйшөмбүдө башталат.
Бул арада Мектепке чейин жана мектепте билим берүү министрлиги аба ырайы турукташканга чейин окуучуларды убактылуу онлайн окутууга которуу маселесин карап жатканын кабарлады.
Катуу сууктан улам Өзбекстандын мектептеринде жана жогорку окуу жайларында кышкы каникул бир нече жолу узартылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар